• 87
  • 90.63
  • 0.79

2027-жылы Өзбекстанда фехтование боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 04.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 2027-жылы Олимпиадага чейинки фехтование боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпионаты Ташкентте өтөт. Бул тууралуу 30-ноябрда Эл аралык фехтование федерациясынын (FIE) конгрессинде белгилүү болду, деп билдирет Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматы.

Мелдеш 2027-жылдын 20-28-июлунда өтөт жана 2028-жылы 14-30-июлда Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алууда негизги ролду ойнойт.

Ошондой эле конгрессте өзбек тектүү россиялык ишкер Алишер Усманов Эл аралык фехтование федерациясынын президенти болуп шайланды. Анын шайлоодогу атаандашы Швециянын фехтование федерациясынын президенти Отто Дракенберг болгон. Жыйынтыгында Усманов 120, Дракенберг 26 добуш алды.

Пикир

Оставить комментарий