Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Эртең, 21-ноябрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Талас облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 4...9,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунтарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9,
Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...5,
Эртең Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 6…8 градус болот.
Пикир
Оставить комментарий