• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

21-сентябрда кыргызстандыктар Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн кезектеги ишембилик менен белгилешет

Бизнес 0


14-сентябрда Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтүп, ага өлкө тургундары жана президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты. Бул иш-чара 21-сентябрда боло турган Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата даярдыктын башталышы болду.

Иш-чаранын учурунда президент тазалык эстетика гана эмес, өлкөнүн бакубат келечегинине шарт экенин баса белгиледи.

«Ар бир жаран айлана-чөйрөнүн абалы үчүн өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүүсү маанилүү. Таштандыларды чыгарып эле тим болбостон, жаратылышка аяр мамиле кылып, таштабоо керек», - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Улуттук демилгени колдоп, «Эко Деми» фондунун жетекчиси Айжан Чыныбаева Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө катышуучулардын саны жетиштүү болот деген ишенимин билдирди. «Биз азыртадан эле элибиздин өлкөбүздүн тазалыгы үчүн биригип жатканын көрүп жатабыз. Бул башталышы гана. Кыргызстандын жаратылышына жана келечегине кантип кам көрө аларыбызды көрсөтүү үчүн 21-сентябрдагы ишембиликке катышууга бардыгын чакырам», - деп кошумчалады ал.

21-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарды планетаны таза кылуу аракетинде бириктирет. Кыргызстанда «Эко Деми» коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулган бул глобалдык акция алты жылдан бери өтүп келет. Бул күнү өлкө тургундары сейил бактарды, көчөлөрдү жана жаратылыш аймактарын таштандылардан тазалоого чогулушат, ошондой эле экологиялык жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган тарбиялык иш-чараларга катышат.

Айжан Чыныбаеванын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү бул жөн эле тазалык эмес, бул коомдун биримдигинин жана аң-сезиминин символу.

«Бул иш-чарага катышуу менен биз экологиялык абалды гана жакшыртпастан, өлкөбүздүн жана планетанын келечеги үчүн жоопкерчиликти алууга даяр экенибизди көрсөтөбүз», - деп белгиледи Эко Деми фондунун жетекчиси.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө катышаарын борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев да тастыктаган. Ал бишкектиктерди ишембиликке катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий