Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-апрелде, кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 19…24, Таласта 18…23, Ысык-Көл жана Нарында 15...20 градус болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 21…26 градус ысык болот.
Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы күндүз 22…24 градуска жетет.
Пикир
Оставить комментарий