• 87
  • 90.43
  • 0.88

22-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 22.05.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-майга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлук аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21...+26, Талас облусунда +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл облусунда +17...+22, Нарын облусунда +12...+17, Бишкек шаарында +24...+26 жана Ош шаарында +29...+31 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий