• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

22-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 22-октябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13...+18, Талас облусунда +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен болустарында +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +14...+19 гардус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий