• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

22-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 22.09.22./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 22-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райндорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын табы Чүй облусунда +26...+31, Талас облусунда +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +21...+26 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында +29...+31 градус ысык болору белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий