• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

22-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Өлкө аймагында эртең, 22-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз тоо этектериңде жана тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоордо жаан карга өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23,

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...12, күндүз 16...21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19,

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19.

Эртең Бишкекте түнкүсүн бир аз жаан жаайт, күндүз жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 21…23 градуска чейин жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий