• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

23-декабрда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 23-декабрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Талас облусунда -1…+4, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0…5, Нарын облусунда -3…-8 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +1…+3, болот.

Пикир

Оставить комментарий