• 87
  • 90.41
  • 0.84

23-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 23.09.22./Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 23-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас облусунда +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көл облусунда +20…+25, Нарын облусунда +22…+27 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +29…+31 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий