• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

23-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +23...+28, Талас, Нарын облустарында +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл облусунда +17...+22, ал эми борбор калаа Бишкекте +25...+27, Ош шаарында +28...+30 градуска чейин ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий