• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

24-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Эртең, 24-январда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунда жаан жаабайт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9, Талас облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 3…8 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 1…6 градус, Нарын облусунда болсо түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11 градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен обулстарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9 градус.

Эртең, 24-январда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 7...9 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий