24-октябрда Бишкектин эки конушунда суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. 24-октябрда Бишкектин эки конушунда суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-октябрда саат 9.00дөн 20:00гө чейин Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Суу «Ала-Тоо» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир

Оставить комментарий