• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

24-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

АГа ылайык, бүгүн Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жанан тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +6...+11, Талас облусунда +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл облусунда +9...+14, Нарын облусунда +8...+13, Бишкек шаарында +8…+10 жана Ош шаарында +18...+20 градуска көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий