• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

25 жылда кыргыз сому өзүнүн ишенимдүүлүгүн көрсөттү – Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Ар бир өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун көрсөткүчү катары улуттук валюта саналат. Тактап айта турган болсок, анын ишенимдүүлүгү, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баалык туруктуулугу. Бул тууралуу кыргыз сомунун 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтуусунда, кыргыз сому экономикалык оош-кыйыштарга карабастан өзүнүн туруктуулугун сактап калды.

“Бүгүнкү күндө сом башка валюталардын арасында татыктуу көрсөтүлгөн. Улуттук валютанын жана банк системасынын туруктуулугу өлкөнүн экономикалык өсүүсүнүн башкы түзүүчүсү болот. Банктардын ишмердүүлүгү ар дайым өркүндөөдө, инновациялык технология киргизилип, көрсөтүлгөн кызматтардын саны өсүп, насыя берүү өсүүдө.

Жыйынтыгында ал өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган”,-деп билдирди Абдыгулов.

Ал билдиргендей, бул иштердин бардыгы Улуттук банктын кызматкерлеринин жардамы менен ишке ашууда. 2003-жылы Банк кызматкерлеринин күнү киргизилип, ал 10-майда белгиленип келе жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий