26-апрелден тарта "Коопсуз шаардын" дагы 19 камерасы ишке кирет - даректери

Коом 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. 26-апрелден тарта “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында дагы 19 камера ишке киргизилет. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Камералар кийинки даректер боюнча орнотулат:

- 9 чакырым, Пригородное айылы, Май куючу жай;
- 10,2 ч., Достук айылына карай бурулуш;
- 13 ч, Путепровод;
- 14,5 ч, Ак-Жол айылы орто мектептин жанында;
- 22,5 ч, Манас айылынын борборунда;
- 23 ч, Манас айылы, Ак-Жол май куючу жайы;
- 27 ч, Ак.Жол май куючу жайы;
- 30 ч, “Манас” аэропорту;
- 11,5 ч, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү 67;
- 15,5 ч, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү №385 үйдүн жанында;
- 17 ч, Ленин айылы, “Роснефть” май куючу жайынын жанында;
- 59 ч, Токмок шаары, “Нуржамал” кафесинин жанында;
- 60 ч, Токмок шаарында (айлампа);
- 68,8 ч, Сайлык айылы “Төлгө” дүкөнүнүн бет маңдайында;
- 73 ч, Искра айылы, Биянху көч. № 107 үйүнүн бет маңдайында;
- 78 ч, Чымкоргон айылы, Казакбаев көчөсү № 137 үйүнүн жанында;
- 95 ч, Жаңы-Алыш айылы, Орловка шаарынын бурулушу;
- 102 ч, Кемин шаары, Советтик-Каракөл көчөлөрүнүн кесилишинде;
- 18 ч, Алга айылына бурулушта.

Мамлекеттик келишим боюнча “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабында 110 аппараттык-программалык комплекстер (АПК) орнотулат. Бишкекте - 42, Чүй облусу боюнча 48 жана 20 көчмө АПК.

Долбоор алкагында баардык көчмө камералар толугу менен ишке кирген. Калган 28 АПК ишке киргизүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий