• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

26-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. Эртең, 26-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең саат 9:00дөн 20:00гө чейин Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 жаңы конуштарында турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайга ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу “Ала-Тоо” суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий