• 87
  • 90.41
  • 0.84

27-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Эртең, 27-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймагында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19, Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градус.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20 градуска чейин жетет.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 16…18 градус болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий