• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

27 азанчы ат салышат. Эртең азанчылардын республикалык мелдеши өтөт

Коом 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Эртең, 27-апрелде имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте азанчылардын республикалык мелдеши өтөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдешке өлкө аймагынан танталып алынган 27 азанчы катышат. Азанчылардын республикалык мелдешине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана дин аалымдары катышмакчы.

Азанчылардын республикалык мелдешинин жеңүүчүсүнө Умра сапарына жолдомо ыйгарылса, калган байгелүү эки орунду ээлегендерге белектер тапшырылат.

Эскерте кетсек, азанчылардын мелдеши муфтият жана «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Мелдеш 2018-жылдын ноябрь айында башталып, 2019-жылдын 27-мартында облустук тандоо туру өткөн. Сынакка жалпысынан 1000ге чукул азанчы катышып, республикалык мелдешке 27 талапкер жолдомо алган.

Пикир

Оставить комментарий