27-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 27-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21...+26, Талас облусунда +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл облусунда +16...+21, Нарын облусунда +17...+22 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +24...+26 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий