• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

28-29-сентябрда өлкөнүн төрт облусунда үшүк жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. 28-29-сентябрда өлкөнүн төрт облусунда үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-29-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде 0…-2°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий