• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

28-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-августка карата республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшу күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +25...+30, Талас облусунда +21...+26, Ош, Жалал-Абад облустарында +29...+34, Баткен облусунда +28...+33, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын облусунда +24...+29 градус жылуу болот.

Ал эми борбор калаада күндүн табы +27...+29, Ош шаарында +31...+33, жана Чолпон-Атада +25...+27 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий