• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

28-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Эртең, 28-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31 градус, Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26…31 градус ысык болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 17…22, күндүз 26…31 градуска жетиши күтүлөт.

Эртең Бишкек шаарында күн ачык болот, абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 29…31 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий