• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

29-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда +20...+25, Талас облусунда +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл облусунда +20…+25, Нарын облусунда +21...+26 градус жылуу болот.

Ал эми борбор калаа Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +28…+30 жана Чолпон-Атада +22…+24 градуска көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий