• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

29-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 29.13.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күңдүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +6...+11, Талас облусунда +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл облусунда +1...+6, Нарын облусунда 0...-5 градуска чейин суук болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы борбор калаада +9...+11, Ош шаарында +10...+12 градус жылуу болору күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий