Бишкек. 28.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймагында эртең, 29-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32.
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25, ал эми Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 31…33.
Ош шаарында дагы жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн 15…17, күндүз 32…34.
Пикир
Оставить комментарий