• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

3 айда Салык кызматынын call-борборуна 42 миң кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында Салык кызматынын call-борборуна эң актуалдуу салык маселелери боюнча консультация алуу үчүн жарандардан 42 миң 79 кайрылуу келип түшкөн.

Ведомстводон белгилешкендей, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кайрылуулардын саны 7 миң 506 чалууга көп.

Жарандардын эң көп кайрылуулары бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана тапшыруу боюнча – 10 миң 257 чалуу; салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу боюнча – 6 миң 433 чалуу; мүлк салыгы жана маалыматтык эсептөөлөр боюнча – 2 миң 519 чалуу; карыз тууралуу маалымкатты алуу маселеси боюнча – 1 миң 173 чалуу болду.

Мындан тышкары, жарандарды салык салуунун башка маселелери да кызыктырды.

Эскерте кетсек, 2023-жылы тейлөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн Салык кызматынын call-борборунун иштөө форматы жакшыртылган. Бул иштердин натыйжасында жаңы техникалар киргизилип, операторлордун саны көбөйгөн.

Пикир

Оставить комментарий