• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Үч баш бодо мал, 50 миң сом акча. Лейлекте уурулукка шектүү адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Лейлекте 3 баш бодо мал уурдап, из жашырып жүргөн жаран кармалды, деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын март айынын баштарында Лейлек районунун Раззаков шаарынын 57 жаштагы тургуну өзүнүн мал сарайынан түн ичинде белгисиз атуулдар тарабынан 3баш бодо малын мал сарайынан уурдаткандыгын билдирип милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган арыз Лейлек РИИБне КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш чаралары уюштурулуп, Кадамжай РИИБдин Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте Халмион айылындагы мал базарда мал сатып жүргөн Раззаков шаарынын 21 жаштагы Ж.С. аттуу тургунун аныкташкан.

Шектүү Ж.С. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында уурдалган бодо малды сатып жаткан жеринен өзүнүн изин жашырганга үлгүргөн.

Ыкчам изилдөө иштеринин жүрүшүндө Ж.С. Кадамжай районунун аймагында качып жүргөн жеринен аныкталып кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Ж.С. ушул жылдын январь айынын аягында Раззаков шаарынын автобекетинде жайгашкан My Travel KG аталышындагы авиакассанын айнегин талкалап кирип, 50 миң сом акчаны уурдап кеткендиги белгилүү болду.

Кылмышка шектүү Ж.С. убактылуу кармоо жайына киргизилип, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий