• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

3 жыл ичинде 2340 чакырым жол оңдолду

Коом 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Өлкөдө 3 жыл ичинде жалпы пайдалануудагы 2399,5 чакырым жол оңдолду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы ички жолдорго улай эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун келечегин белгиледи. Июнь айында Пекинде бул жолду куруу боюнча келишимге кол коюлуп, Бишкекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ишканасынын кеңсеси ачылып, кыргыз тарап 14 миллион доллар бөлгөн.

"Бул жол Кытайдан Европага эң кыска жол: анын узундугу 5470 км. Салыштыруу үчүн, Кытай-Монголия-Орусия-Европа багыты 8650 км, Кытай-Казакстан-Түркмөнстан-Иран-Түркия, андан ары Европа аркылуу 10170 км. Мындан тышкары, биз альтернативдүү транспорт жолдорун издеп жатабыз. Түштүк транспорт коридору: Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Каспий-Азербайжан, Россия, Түркия жана Европа багыты боюнча иш жүрүп жатат.
Кыргызстанга товарларды экспорттоо жана импорттоо үчүн Перс булуңунун портторуна чыгууну камсыз кылуу максатында Пакистан-Кытай-Кыргызстан багытында биринчи пилоттук жүк кербени ишке киргизилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий