• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

30-августта Бишкектин борбордук көчөлөрү футболдук беттешке байланыштуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. 30-августта "Барселона легендалары" жана "Азия легендалары" командаларынын футболдук беттешине байланыштуу Бишкектин эки көчөсү жабылат.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, эртең саат 14.00дөн баштап оюн аяктаганга чейин унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр төмөнкү көчөлөрдө киргизилет:

  • Тоголок Молдо көчөсү, Чүй простпектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Фрунзе көчөсү, Манас простпектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Милициянын кайгуул кызматы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий