• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

30 жыл ичинде биз диний иденттүүлүгүбүздү жоготуп алдык – Шүкүр ажы Исмаилов

Коом 0

Бишкек, 12.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Эгемендүүлүк алгандан тарта 30 жыл ичинде биздин өлкө диний иденттүүлүктү жоготуп алды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдындагы илимий изилдөө институнун директору Шүкүр ажы Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, демократиянын шарданы менен өлкөдө ар кайсы ишенимдеги диний агымдар жана багыттар түзүлгөн.

"Биз бул агымдарды жана багыттарды чектей алган жокпуз. Анткени, бизде демократиянын принциптери бузулбасын деген маселе бар. Бул көйгөйлөр бүгүн эле чыгып калган жок, ал 2007-жылдары эле байкалган. Ар кандай диний жамааттар өздөрүнүн идеологияларын көтөрүп чыгып, кадимкидей эл арасына сиңе баштаган. Андан соң ажырымдар пайда болду. Бүгүнкү күндө диний жамааттар кадимкидей өзүнүн ишмердүүлүгүн кенен жүргүзүп, өздөрүнүн идеологияларын жайылтып келишти. Мындан улам 2012-жылдан тарта диний адистер өздөрүнүн макалаларын жазышып, илимий иш-чараларда бул маселе көтөрүлө баштады. Ошентип олтуруп 2014-жылы бизге Ханафи мазхабы кирди.

Бирок, Ханафи мазхабынын бир өзгөчөлүгү анда регионалдык өзгөчөлүктөр эске алынат. Ар бир региондун өзүнүн үрп-адаты жана каада-салты болот. Мына ошолор эске алынып отуруп, биз кайра эле жалпылай айтып калдык. Андан башка деле Индия, Пакистандын Ханафи мазхабы Борбор Азиянын Ханафи мазхабына дал келбей калган учурлар кездешип калды. Мындан улам биздин илимпоздордун чындыгында биз диний иденттүүлүгүбүздү жоготуп алганыбызга көздөрү жетти. Азыркы учурда атайын кызмат дагы өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Алар дагы бул маселени конкреттүү байкашып ошол себептен мамлекеттин улуттук коопсуздугуна зыян келип калышы мүмкүн болуп, ушул мыйзамдын зарылчыгы келип чыкты”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-ноябрда диний ишмерлер менен "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулаган. Анда коомдук талкууга чыгарылган документке кошумча-алымчалар сунушталып, айрым тактоолор киргизилген. Долбоор алгач быйыл августтун этегинде коомдук талкууга чыккан. Динди жайылтуу максатында үймө-үй кыдырып дааватка чакыруу жана никабдын айланасында кызуу талаш-тартыштар болгон.

Пикир

Оставить комментарий