• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

31-августта Бишкектин борбордук көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет – тизме

Коом 0

Бишкек, 28.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлө турган майрамдык иш-чараларга байланыштуу Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына маалы-маалы менен чектөөлөр киргизилет.

Атап айтсак, төмөнкү көчөлөр 31-августта жабык болот:

- Чүй проспектиси Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүктөрү;
- Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Ошондой эле Ч.Айтматов, Манас проспектиси жана Байтик баатыр, Ж.Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилип турат.

"Өткөрүлө турган иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу убактылуу киргизилген чектөөлөрдү шаар тургундары жана коноктору түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойбуз. Жолдо жүрүү эрежелерин жана айдоочулук маданияттуулукту так сактоого, айдоочулар жогорудагы айтылган жол тилкелери аркылуу жүрүүдө алдын ала каттамдардын багыттарын пландаштырууларын эскертебиз", - деди Манас Сыдыгалиев.

Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаиловдун айтымында, майрам күнү өлкө боюнча коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.

"30-августтан 2-сентябрга чейин Ички иштер министрлигинин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий