31-январга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 31.01.24./Кабар/. Кыргызгидромет борбору 31-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…-5, Ысык-Көл облусунда -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +1…+6, Нарын облусунда -6…-11 градус болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында абанын температурасы 0…-2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий