• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

31-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 31-октябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Баткен облустарында +12...+17, Талас облусунда +11...+16, Ош, Жалал-Абад облустарында +13...+18, Ысык-Көл облусунда +6...+11, Нарын облусунда +5...+10, Бишкек жана Ош шаарларында +11 ... +16 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий