Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. 33 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, бүгүн саат 11:45тер чамасында милициянын "102" кызматына эркек аялды бычактап өлтүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу барган. Милиционерлер тарабынан 1991-жылы туулган Э.О. аттуу жаран кылмыш болгон жерден кармалган.
Каргаша Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан Чыгыш автовокзалынын аймагында болгону, пикир келишпестиктен улам шектүү жубайына бычак сайгандыгы аныкталган.
Бычактан алган жаракаттарынын кесепетинен 33 жаштагы келин тез жардам келгенге чейин каза болгон.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Пикир
Оставить комментарий