Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Казакстандын Актау шаарынын 35 жаштагы тургуну 10-перзентин күтүүдө. Анын балдарынын эң улуусу 19 жашта болсо, эң кенжеси 9 айлык. Бул тууралуу Tengrinews.kz inAktau`га шилтеме берип билдирет.
Белгилүү болгондой, Сакен жана Гаухар Ешмухановдор 2001-жылы баш кошушкан. Андан бери үй-бүлөдө төрт эркек жана 5 кыз төрөлгөн. Алардын улуусу 19 жашка келсе, кичүүсү 9 айлык. Жубайлар ошондой эле эгиз балдарды тарбиялап келет. Алардын бирөо кыз экинчиси эркек бала. Азырк үй-бүлө онунчу баласын күтүп жаткан учурчу.
Бош убактысында Гаухар Ешмуханова чыгармачылык менен алектенет. Ал майрамдык иш-чараларда ырдайт.
“Кайненем жана улуу кыздарым балдарды багып, аларга кам көрүүгө жардам беришет. Алардын колдоосунун аркасында өзүмө убакыт таап жатам. Улуулары кичүүлөрүн карап, үй оокаттарына жардам беришет”, - деп билдирген Гаухар Ешмуханова.
Пикир
Оставить комментарий