• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 4-апрелде саат 9:00дөн 24:00гө чейин Л.Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковского, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, “Жумушчу шаарчасы”, “Айыл чарба институту”, “Ак-Өргө”, “Ак-Ордо” конуштары (Ахунбаев көчөсүнөн түндүк жагы), “Теңир-Тоо” конушу (Ахунбаев көчөсү) менен чектешкен аймакта суу болбойт.

Суу берүү «Гагарин», «Юго-Западный» суу алгычтарындагы жана шаардык суу тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий