• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекте бүгүндөн тарта № 40 автобустун жүрүү кыймылы өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 6-декабрдан баштап №40 автобустук каттамдын кыймылынын схемасы өзгөрөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эми бул каттам Военно-Антоновка айылынан ("РИОМ" автобазары) - Новопокровка айылына чейин жүрөт.

"№40 автобустун каттамы узартылды. Эми автобус Военно-Антоновка айылындагы унаа базарынан чыгып, Ден-Сяопин проспектисин бойлой, андан ары Фучик көчөсү менен, андан соң Жибек-Жолу проспектиси бойлой Новопокровка айылына чейин барат. Автобустун акыркы аялдамасы Кирпичная көчөсү болот. Жолдун узундугу 43 чакырымды, автобустардын аралыгы 10 мүнөттү түзөт. Линияга 22 автобус чыгат", - деп белгилешти мэриядан.

Белгилей кетсек, каттамды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий