• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

"40 район - 40 китеп" адабий конкурсу жыл сайын өткөрүлө турган болду

Коом 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Чыгармачылык ишке дем берүү жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын чыңдоо үчүн шарттарды түзүү максатында "40 район - 40 китеп" адабий конкурсу жыл сайын өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 6-сентябрдагы тескемеси менен жобо бекитилди.

Токтом маалыматтык-укуктук порталындагы маалымат боюнча, жобо конкурсту өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт. Ошондой эле региондордон авторлордун чыгармаларын баалоодо келип чыгуучу укуктук жана уюштуруу мамилелерин жөнгө салат.

Сынак кыргыз тилин жана улуттук маданиятты сүйүүгө тарбиялоону пропагандалаган жана жазган таланттуу авторлорду табуу жана илгерилетүү максатын көздөйт.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине (Кыргызпатент) жыл сайын конкурсту ишке ашырууга жана авторлордун 6га чейин чыгармаларын басып чыгарууга каражат кароо тапшырылды. Тандалып алынган бир чыгарма 200 нускага чейинки тиражда чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий