• 87
  • 90.41
  • 0.84

5-6-ноябрь күндөрү Бишкектеги көпчүлүк мекемелер аралыктан иштейт. Тизме

Коом 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 5-6-ноябрь күндөрү Бишкектеги мамлекеттик мекемелер Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу аралыктан иштөөгө өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрда Кыргызстанга Түркиянын президенти, Венгриянын премьер-министри иш сапары менен келсе, 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт. Буга байланыштуу аталган күндөрү Эмгек кодексине ылайык, шаардагы мамлекеттик мекеме, министрликтердин кызматкерлери аралыктан иштейт.

Белгиленгендей, аталган чечимдин министрлик, башкармалык жана бөлүм жетекчилерине тиешеси жок.

Ошондой эле бул күндөрү Бишкектин окуу жайларында, орто кесиптик билим берүү уюмдарында жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында окуу процесси онлайн форматка которулуп, муниципалдык бала бакчалар иштебей турганы айтылды.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип, борбордук көчөлөрдө электросамокат жана скутер менен жүрүүгө дагы чектөө киргизилет.

Эске салсак, буга чейин 4-ноябрдан 7-ноябрга чейин шаардагы троллейбустук каттамдар токтотулары айтылган.

Пикир

Оставить комментарий