5-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 6-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -12…-17°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Эртең, 5-февралда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бурганак болот. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6 градус болот, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8 градуска чейин жетет.

Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5, Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10 градус.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 7…9 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий