5-февралга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 5-февралда жаан-чачын күтүлбөйт Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерге туман түшөт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ытымал.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...+9, Нарын облусуунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -6...-11 градус суук болот. Талас облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...+4 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкү абанын табы -2...-7, күндүз 1...6 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Термометрдин көрсөткүчү түнкүсүн -6…-8, күндүз 2…4 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий