5-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 5-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Ысык-Көл облусунда +19…+24, Нарын облусунда +20…+25, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27…+32 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +28...+30 градуска жетиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий