• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

5-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 1-майдан 5-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

1-5-майларда Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

1-майда түнкүсүн жана күндүн биринчи жармында көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүн экинчи жармында кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-5-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

1-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

2-5-майдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

1-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-5-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Талас шаарында күтүлгөн аба ырайы

1-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

2-5-майдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

1-майда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-майда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-майда күндүз жана 3-5-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-апрелде жана 1-4-майларда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

1-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-майда күндүз жаан жаашы күтүлөт.

2-5-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

1-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-5-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Жалал-Абад шаарында күтүлгөн аба ырайы

1-майда жаан жаашы күтүлөт.

2-5-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

1-майда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-майда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-майда күндүз жана 3-5-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Баткен шаарында күтүлгөн аба ырайы

1-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

2-5-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

1-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

3-майда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-5-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

1-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-майда күндүз жана 2-майда түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

2-майда күндүз жана 3-5-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-майда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

1-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-майда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-5-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Нарын шаарында күтүлгөн аба ырайы

1-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-майда күндүз жаан жаашы күтүлөт.

2-5-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-майда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий