• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

5 млн сомдон ашык каражатты кымырып алган Бишкек мэриясынын кызматкерлери жоопкерчиликке тартылды

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. 5 млн сомдон ашуун акча каражатын ыйгарып алган Бишкек мэриясынын кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылып, кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаардык мэриясынын «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын К.Р. жана А.Н. аттуу кызмат адамдарына карата өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыптоо актын бекитти. Алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 210, 346-беренелери (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”, “кызматтык жасалмачылык”) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталууда.

Текшерүүдө аталган ишкананын кызмат адамдары жеке материалдык кызыкчылыктарды көздөп, финансылык-бухгалтердик документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен жүргүнчү автобустарынын айдоочуларынан күн сайын түшкөн акча каражаттарын ишкананын кассасынан системалуу түрдө чыгаруу жана ыйгарып алуу схемасын уюштургандыгы аныкталган.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, ишканага жалпы суммасы 5 млн 288 миң 500 сом зыян келтирилген.

Тергөөдө көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекетке 5 миллион 288 миң 500 сом зыян толугу менен өндүрүлгөн.

Айыптоо акты бекитилгенден кийин кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий