• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

6 айда “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасында 3 млн документ катталды

Коом 0

Бишкек, 07.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу 3 млн документ катталды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, учурда “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасына 3 миңден ашык уюм кошулган, колдонуучулардын саны 150 миң адамды түзөт. Ал эми санариптештирилген документтердин жалпы саны 18 миллионду түздү, электрондук документ жүргүзүү системасында 3 миллиондун тегерегинде документ катталды.

“Инфодокс” – электрондук документ жүгүртүү системасы мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде иш кагаздарын жүргүзүүнү автоматташтыруу жана документтерди электрондук форматка өткөрүүгө багытталган маалыматтык система.

Анын жардамы менен каттарды жана башка иш кагаздарды жөнөтүү жана жеткирүүдө талап кылынган убакыт кыскарып, аткаруу тартиби жакшырат.

Пикир

Оставить комментарий