• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

“Кыргызалтын” 6 айда 48,2 млрд сомдук алтын жана күмүш куймаларын сатты

Экономика 0

Бишкек, 01.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. “Кыргызалтын” 6 айда 48,2 млрд сомдук алтын жана күмүш куймаларын сатты. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алтын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментине, Улуттук банкка сатылчу. Азыр компаниянын тарыхында биринчи жолу 2024-жылдын апрель айынан баштап алтын жана күмүш куймаларын Лондондогу баалуу металлдар биржаларында белгиленген баада өз алдынча үчүнчү жакка арзандатууларсыз жана жеңилдетүүлөрсүз сата баштады.

“Алтындын дүйнөлүк баасы туруктуу өсүш көрсөтүп жатканына баарыбыз күбөбүз. Алтын базарындагы жагымдуу көрүнүш “Кыргызалтынга” мурунку мезгилдердеги сапатсыз кендерди казып алуу мүмкүнчүлүгүн кайра карап чыгууга жана биздин участоктордо – Макмалда, Солтон-Сарыда жана Терек-Сайда калдыктарды кайра иштетүүгө түрткү берди. Биз бүгүнкү күндө бул участоктордо 15 тоннадан кем эмес алтындын жалпы потенциалы жөнүндө айтып жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий