• 87
  • 90.43
  • 0.88

6 айда Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттикке 100дөн ашык кайрылуу келип түштү

Коом 0

Бишкек, 07.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. 6 айда Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке 100дөн ашык кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу аталган агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Алмамбет Касымбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жылдан жылга кайрылуулардын саны көбөйүүдө. Былтыр жеке маалыматтарды коргоого байланышкан укук бузуулар боюнча 147 кайрылуу түшкөн. Жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү юридикалык жактар тарабынан мыйзам бузуу учурлары каралып, ички иштер органдарына тергөөгө жөнөтүлгөн.

“Мисал келтирсек, 2022-жылы 20, 2023-жылы 147 кайрылуу келген. Ал эми июль айында эле 10дон ашык кайрылуу түштү. Биз ушул жылдын март-апрель айларында УКМК, ИИМ менен биргеликте жумушчу топторду түзгөнбүз. Шылуундарга каршы же кандайдыр бир жеке маалыматтар жаатында укук бузуулар болсо, жумушчу топтор менен биргеликте иш алып барып, тергөө жүргүзөбүз. Фактылар аныкталса, ички иштер органдары тарабынан кылмыш иши да козголот”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле Алмамбет Касымбеков белгилегендей, Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда. Бул өз кезегинде кээ бир арыздар боюнча кылмыш иштери козголбой, сотко жетпей, шектүүлөр жоопкерчиликке тартылбай калбашы үчүн агенттикке бир катар укуктарды берет.

Пикир

Оставить комментарий