• 87
  • 91.29
  • 0.84

6-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.05.19. /Кабар/. Эртең, 6-майда өлкө аймагында күндүз жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда карга айланат, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23, Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23 градус болот.

Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18 градус.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6 гградус, күндүз 20…22 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий