• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

60 миңге жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер салык декларациясын тапшырды - МСК

Экономика 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата салык кызматына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин ичинен 59 миң 965 декларация келип түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, аны менен бирге 10 миң 394 декларант 30-июнга чейин мурунку тапшырылган декларацияларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү укугун колдонгон.

“2 миң 616 кызматкер декларациясын мыйзам менен орнотулган мөөнөттөн кийин тапшырган. Баардыгы болуп ведомствонун сайтында саясий кызмат аткарган жана алардын милдетин аткарган 189 декларант тууралуу маалымат жайгаштырылган. Андан тышкары дагы 480 адамдын декларациялары сайтка жарыялоого даярдалып жатат”, - дейт Асылкулов.

Ошондой эле ал белгилегендей, салык кызматы тарабынан декларациядагы көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү максатында министрлик, ведомство, агентсттик жана коммерциялык банктарга декларанттар тууралуу маалымат берүүсү үчүн кайрылуулар жиберилген.

“Кээ бир жиберилген кайрылууларга КРнын мыйзамынын нормаларына шилтеме жасап, жооп берилген эмес. Атап айтсак 26 банктын ичинен 11и маалымат берүүдөн баш тарткан. Ошондой эле кээ бир ведомстволор толук эмес маалымат беришкен. Мисалы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан паспорттук маалыматтар көрсөтүлбөстөн тек гана аты-жөнү менен маалымат берилген, бул өз кезегинде декларация менен салыштырып текшерүүнү оорлоштурат”, - деп кабарлайт Асылкулов.

Пикир

Оставить комментарий